» » Көңүл буруңуз!
Информация к новости
  • Просмотров: 78
  • Автор: Шакирова
  • Дата: 11-05-2020, 06:43
11-05-2020, 06:43

Көңүл буруңуз!

Категория: Маданият, Иктисод, Саноат, Спорт, Маориф, Эълон, Саломатлик

Урматтуу мекендештер! Урматтуу Ош шаарынын, Ош облусунун жашоочулары жана коноктору!
Биз Сиздер менен 2020-жылдын 25-мартынан баштап 2020-жылдын 10-май күнүнө чейин Өзгөчө абал шартында коронавируска каршы күрөш жүргүзүүүдө башыбыздан оор түйшүктөрдү чогуу өткөрдүк.
Көпчүлүгүӊүздөр күнүмдүк тиричиликке керектүү үй бүлөлүк киреше табуучу иштериӊиздерди токтотууга туура келди. Ошол эле учурда эркин жылып жүрүүгө чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу ыӊгайсыздыктарга дуушар болдуӊуздар.
Бул илдеттин адамзатка коркунучу чоӊ экенин түшүнүп, санитардык-карантиндик эрежелерге так болуп, үйдөн чыкпай олтуруп бердиӊиздер. Бекем тартипти сактап, ынтымакчылык менен жасаган аракетибиздин натыйжасында, оорунун массалык түрдө таркап кетишине жол берилбей бөгөт койгонго жетише алдык.
Өзгөчө абал кирген мезгилден баштап Ош комендантурасынын алдында түзүлгөн тынымсыз байланыш телефондору аркылуу 25-марттан 10-майга чейинки аралыкта 10 миӊден ашуун жаран түз байланышка чыгышып, суроо талаптарын, сунуш пикирлерин билдиришти.
Ошол сунуш пикирлерди эске алуу менен комендатура тарабынан иш мерчемдер түзүлүп, бардык мамлекеттик мекеме уюмдар максаттуу иш алып барып жатышты. Ош шаары жана Ош облусунун аймагында муктаж болгон 90 миӊге жакын жарандарга гуманитардык жардамдар көрсөтүлдү.
Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу ушундай пандемия абалына дуушар болгондуктан, көптөгөн кемчилдиктер жана жетишбестиктер болбой койгон жок.
Калкка маалымат жеткирүүдө күнү-түнү ишин токтотпостон жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери да онлайн режимде иштөөгө туура келди. Коомчулукка комендатуранын ишин ыкчам чагылдырып маалыматтык колдоо көрсөтүп турушту.
Мамлекетибиздин башкы тапшырмасы болгон калктын ден соолугун сактоо боюнча жер-жерлерде өзгөчө абалдын режимдерин камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райондук мамалекеттик адаминстрациялар, Ош шаардык мэриясы ар тараптуу шарттарды түзүп, Ош шаардык, Облустук ички иштер башкармалыгынын, Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоӊ-Алай райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Атайын багыттагы полкунун, Генералдык штабдын Кургактагы аскерлеринин 02626 аскер бөлүгүнүн курамындагы аскер бөлүктүн өздүк курамы, Ички коопсуздук аскер кызматынын 703 аскер бөлүгүнүн кызматкерлери, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана медицина кызматынын кызматкерлери күнү-түнү кызмат өтөштү.
Ошентип убакыт саат келип Ош шаары, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун комендантурасы өз ишин токтото турган мезгилге келип жетти. 2020-жылдын 10-май күнү саат 00:00 дөн баштап Ош шаарынын аймагында коменданттык саат өз ишин токтотту. Ош шаарынан Өзгөчө абал алынды.
Бул мезгилдер аралыгында бизге түшүнүү менен мамиле кылып бардык талаптарыбызды аткарып колдоо көрсөткөндүгүӊуздөр үчүн жалпы мекендештерибизге ыраазычылык билдиребиз.
2020-жылдын 11-май күнүнөн баштап Ош шаары жана Ош облусунун аймагында өзгөчө кырдаал абалы сакталып кала берет.
Ошондуктан Сиздерден суранаарыбыз ушул кезге чейинки Сиздер менен жасаган эмгектерибизди текке кетирбей өзүӊүздүн жана жакындарыӊыздардын саламаттыгы үчүн санитардык эрежелерди так сактоону суранбыз.

Сиздерди урматтоо менен,

Ош шаары, Ош облусунун Ноокат,
Кара-Суу райондорунун коменданты
милициянын полковниги Малик НурдиновКөңүл буруңуз! скачать dle 10.2 КиноСвин
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 1 дней со дня публикации.