» » Ош областтык прокуратурасынын жарандык жана административдик иштер боюнча келтирген доо арыздарынын жыйынтыктары тууралуу
Информация к новости
  • Просмотров: 70
  • Автор: Шакирова
  • Дата: 17-06-2020, 11:56
17-06-2020, 11:56

Ош областтык прокуратурасынын жарандык жана административдик иштер боюнча келтирген доо арыздарынын жыйынтыктары тууралуу

Категория: Хукук

Ош областтык прокуратурасынын жарандык жана административдик иштер боюнча келтирген доо арыздарынын жыйынтыктары тууралуу


Мыйзамды колдонууда коомдук керектөөлөр үчүн жер тилкелерин алуу механизми мыйзамдарда так кѳрсѳтүлгѳндүгүнѳ карабастан одоно түрдѳ бузулуп келүүдѳ.
Бул болсо мыйзамдагы нормалардын бир калыпта жана так колдонулушуна жолтоо гана болбостон, мыйзамсыз чечимдерди кабыл алууга жана жер тилкелери алынып жаткан адамдардын мыйзамдуу укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулушуна шарт түзүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 42-беренесине ылайык, прокурор чөйрөсү аныкталбаган жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо үчүн, сотко административдик доо менен кайрылууга укуктуу деп кѳрсѳтүлгѳн.
Бүгүнкү күндѳ Кыргыз Республикасынын прокуратурасы ѳз убагында мыйзам талаптарын бузуу менен берилген жер тилкелерин кайра кайтаруу үчүн мамлекеттин кызыкчылыгын кѳздѳѳ менен сот органдарына тийиштүү доо арыздарды келтирип, анын жыйынтыгы менен мамлекеттин пайдасына ѳткѳн иштер ондоп саналат.
Мисалыга алсак, Кара-Суу районунун Шарк айыл ѳкмѳтүнүн 2008-жылдын 19-мартында 161 “а” сандуу токтомунун негизинде Маданият айылында жайгашкан мончону жана ага тиешелүү болгон 3200 кв.м. жер аянтын А.Ж. аттуу жаранга жеке менчикке бекитилип берилген.
Жогорудагы токтомдун негизинде, Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан 2009-жылдын 7-сентябрында 20900 саны менен укугу катталып, Ч №217353 сандары менен болгон мамлекеттик актысы берилген.
Жогоруда кѳрсѳтүлгѳн жер аянты боюнча, А.Ж. жеке менчигине берилген 0,45 га жер тилкесинен 0,13 га жерге эч кандай тиешелүү алгачкы иш кагаздары жок экендиги жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын ϴкмѳтүнѳ караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын Кара-Суу району боюнча региондор аралык аралык башкармалыгынан билдирген.
Шарк айыл ѳкмѳтү жаран А.Ж. карата 161 “а” токтомун кабыл алууда, муниципалдык менчикте турган 0,13 га жер аянтына сатуу аркылуу берилбестен туруп мыйзамсыз ашыкча 0,13га жер аянтын берилип кеткен.
Шарк айыл ѳкмѳтүнүн жана Кара-Суу райондук мамкаттоо башкармалыгын жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, муниципалдык менчикте турган 0,13 га жер аянты мыйзамсыз берилгендиктен токтом жана даярдалган жер участогуна болгон жеке менчик укугу жѳнүндѳгү мамлекеттик актысы жараксыз деп табылууга жаткандыктан Ош областтык прокуратурасы мамлекеттин кызыкчылыгын кѳздѳп Ош областынын райондор аралык сотуна доо арыз келтирип, анын 17.02.2020-жылдагы чечими менен аталган доо арыз толугу менен канааттандырылган.
Сɵзүмдүн аягында Кыргыз Республикасынын прокуратурасы мамлекеттин кызыкчылыгын кѳздѳп жогоруда кѳрсѳтүлгѳндѳй мыйзамсыз берилген жер тилкелери сыяктуу иштерин кайра кайтаруу үчүн мыйзам чегинде тийиштүү доо арыздарын сот органдарына берүү менен кайтарылат жана мыйзамсыз берилген жер тилкелери, ага себептүү кызмат адамдары тийиштүү жоопкерчиликке тартылаарын эсинен чыгарбаса деп айтаар элем.

Ош областтык прокуратурасынын
жазык жана жарандык сот ѳндүрүш иштери
боюнча бѳлүмдүн улук прокурору Н.Смаилов скачать dle 10.2 КиноСвин
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 1 дней со дня публикации.