» » Жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалган жана каралган кылмыш иштер боюнча
Информация к новости
  • Просмотров: 155
  • Автор: Шакирова
  • Дата: 10-06-2020, 11:10
10-06-2020, 11:10

Жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан жасалган жана каралган кылмыш иштер боюнча

Категория: Хукук

Ош облусунун жергиликтуу соттору тарабынан 2019-жылдын 12-айында 896 кылмыш иши 1141 адамга каралып, анын ичинен 43/61 жашы жете электерге байланышкан кылмыш иштер каралган.
Атап айтканда, 2019-жылдын 30-майында болжол менен саат 09:15 чамасында Ош шаарындагы «А.Рудаки» атындагы гимназия орто мектебинин сырттагы жашы жете элек өспүрүмдөр Дильшадбек уулу Н. жана С.Ахмедовдор Ош шаарында жайгашкан «Кыргызстан 40 жылдык» атындагы гимназия орто мектебине С.Ахмедовдун өздүк делосун алууга келишип, мектептин ичине киришкен.
С.Ахмедов директорунун бөлмөсүнө кирип, ал эми Дильшодбек уулу фоеде кутуп турган жерине ошол мектептин окуучусу, жашы жете элек оспурум М.Алимкулов келип учурашып, сүйлөшүп, жыйынтыгында өзү көтөрүп жургон буктомо бычакты көрсөтүп «азыр эшикте балдар сага тийише турган болсо ушул бычак менен тыгып аласын, сен бул жерде чоочунсун»-деп айтып бычакты берип, кылмыш жасоону уюштуруп жана анын аткарылышына жетекчилик кылып, көзөмөлдөп турган.
Ал эми, Дильшодбек уулу Н. болсо М.Алимкуловдун сөзүнө баш ийип буктолмо бычакты он жак шымынын чөнтөгүнө салып алган. Андан кийин, С.Ахмедов өздүк делосун алган сон, Дильшадбек уулу Н. жана М.Алимкулов менен биргеликте үчөө чыгып келе жатканда ал жерде ошол мектептин окуучусу С.Ахматов менен урушуп кетип, мектептин жанында коомдук жайда Дильшадбек уулу Н. буктомо бычакты чонтогунон алып чыгып С.Ахматовдун ичине сайып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Натыйжада С.Ахматов денесинен алган жараатынан улам Ош областтар аралык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилип, денесинен алган оор жаракаттан ошол эле куну 12:80 саатта каза болгон.
2019-жылдын 29-июнундагы 69 сандуу соттук медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык С.Ахматовдун дене жаракаттары каза болгонго чейин учтуу, миздуу, нерсенин (бычак жана башка учту сыяктуу) таасиринен пайда болуп, дененин алдынан арты тарабына, бир аз солдон онго багытталган. Дене-жаракаты өмүргө коопту зыян келтируу белгиси боюнча оор дене жаракатына кирет. Көрсөтүлгөн дене жаракаты менен өлүмдүн келип чыгуусунун туздон-туз байланышы бар деп көрсөтүлгөн.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМнин тергөө кызматы тарабынан 2019-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 43-бер. 2-б., 130-бер. 2-б.б. 2,4-п., көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен 03-041-2019-001025 сандуу сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.
Кылмыш иши боюнча тергөө амалдарынын жүрүшүндө аталган окуяга М.Алимкулов жана Дильшадбек уулу Н. тиешеси бар экендиги жөнундө жетиштүү далилдер топтолгондугуна байланыштуу, 2019-жылдын 23-октябрында айыптоо актысы түзүлүп, негизинен кароо үчүн Ош шаардык сотуна жиберилген.
Ош шаардык сотунун 2020-жылдын 12-февралындагы өкүмү менен М.Алимкулов Кыргыз Республикасынын ЖКнин 43-бер. 2-б.-130бер. 2-б. 2,4-пункту менен, Дильшадбек уулу Н. Кыргыз Республикасынын ЖКнин 130-бер. 2-б. 2,4-пункту менен күнөөлү деп табылышып, ар бири 10(он) жылдан эркиндигинен ажыратылышып, Кыргыз Республикасынын ЖКнин 81-бер. 5-б. негизинде М.Алимкулов жазасы 2019-жылдын 3-июнунан баштап, Дильшадбек уулу Н. жазасы 2019-жылдын 30-майынан баштап, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта кармоонун мооноту камактагы бир кун эркиндигинен ажыратылган бир күнгө барабар деп эсептелинген. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин М.Алимкулов менен Дильшадбек уулу Н. Мыйзамдуу өкүлдөрү Д.Розиев менен И.Алимкуловдон жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Ч.Акматовдун пайдасына материалдык залалдын ордун толтуруу катары 758 547 сом, маралдык зыянды компенцациялоого эсептик көрсөткүчтүн 1000 эсе (бир миллион) өлчөмүндөгү акчалай каражат өндүрүлүүсү көрсөтүлгөн.
Ош областтык прокуратурасынын жазык жана жарандык сот ондуруш боюнча болуму . скачать dle 10.2 КиноСвин
Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.
Информация
Комментировать статьи на нашем сайте возможно только в течении 1 дней со дня публикации.