Сортировать статьи по: дате | популярности | посещаемости | комментариям | алфавиту
Информация к новости
  • Просмотров: 830
  • Автор: Шакирова
  • Дата: 18-04-2018, 17:38
18-04-2018, 17:38

Церемония открытия совместного промышленного предприятия «Имзо» по производству металлопластиковых окон и дверей.

Категория: Маданият, Иктисод, Эълон

Ош шаарына кыргыз-өзбек биргелешкен ишкана ачылды



Бугун, 18-апрель куну Ош шаарында пластикалык терезе чыгаруучу "Имзо” заводдун ачылыш аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Өзбекстандын Кыргызстандагы туруктуу жана ыйгарым укуктуу элчиси Камил Рашидов, КРнын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өзбекстандагы “Имзо” компаниясынын директору Аброр Ганиев, жеке ишкерлер жана шаар тургундары катышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен чек аралар ачылып, достук мамиле гана калыбына келбестен, инвестиция тартуу багытында да бир топ ийгиликтер жаралып жаткандыгын белгилеп өттү.

Ал эми КРнын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу Кыргызстан боюнча кыргыз-өзбек кызматташуусунун алкагында жалпы 9 ишкана ачыла турганын айтып, алардын төртөө Ош шаарында ачыла тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, "Имзо” заводу Өзбекстанда 2014-жылдан баштап өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ош шаарындагы аталган заводдун филиалы 70ге жакын шаардыктарды жумуш орун менен камсыз кылды. Учурда айына 2 миң кв.м пластикалык терезелерди чыгарууда, бирок заводдун 9 миң кв.м өндүрүш чыгарууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

В Оше при содействии Республики Узбекистан открылось новое промышленное предприятие



В Оше сегодня 18 апреля состоялась церемония открытия совместного промышленного предприятия «Имзо» по производству металлопластиковых окон и дверей.

В церемонии открытия приняли участие мэр города Ош Айтмамат Кадырбаев, чрезвычайный и полномочный посол Республики Узбекистан в КР Комил Рашидов, председатель городского кенеша Жапарбек Ормонов, заместитель директора ГосАгентства по привлечению инвестиций Шумкарбек Адилбек уулу, директор компании «Имзо» в Республике Узбекистан Аброр Ганиев, предприниматели, представители общественности и жители города.

В рамках церемонии открытия А.Кадырбаев подчеркнул значимость открытия совместных предприятий в рамках намеченных программ двустороннего сотрудничества по развитию и укрепления бизнес среды двух государств.

В рамках церемонии открытия состоялось ознакомление с производственными линиями предприятия, а также прошло заседание по дальнейшим планам двустороннего сотрудничества.

В данном предприятии создано более 70 новых рабочих мест, открыто две производственные линии. Объем производства составляет 2 тыс.кв.м в месяц однако производственные мощности позволяют выпускать до 9 тыс.кв. м.,